МАЛМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЛМА, малмага салуу - 1) тери ашатуу үчүн (айран, суу, улпак, туз жана башкалар) даярдалган суюк аралашма (к. Тери ашатуу); 2) терини колдо иштетүүнүн бир түрү. Кайыш, булгаары жасоо үчүн бодо малдын, кийиктин, кээде май­да жандыктын териси малмага салынган. Туздуу айран, жарма, ун же улпактын аралашмасы чоң челекке куюлуп, ага челденген, жибитилген тери салынып, күн алыс аралаштырылган. Тери жыдып, ашаткыны боюна сиңиргенден кийин (5-7 күн) алынган. Андан ар кандай идиштер (көөкөр, көнөк, көнөчөк), кийим (чарык), ат жабдыктары жана башкалар жасалган.