МАЛЕР Густав

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЛЕР Густав (7. 7. 1860, Богемия - 18. 5. 1911, Вена) - австриялык композитор, дирижёр, опералык режиссёр.

МАЛЕР Густав

Батыш европалык неороман­тизмдин акыркы өкүлү. 1880-жылдарда Авст­рия, Венгрия опера театрларында жана алар менен бирге 1897-1907-жылы Вена Хан сарайынын опе­расында кызмат кылган; 1907-жылдан АКШда. Симфониялары (10, акыркысы бүтпөй калган) жана «Жер жөнүндө ыр» симфония­кантатасы (1888- 1909) XIX кылымдын ая­гы - XX кылымдын ба­шындагы симфо­низмдеги эң көрү­нүктүү чыгарма­ларынан болгон. Анын чыгармачылыгы музыкалык экспрессия­луулукту пайда кылган. Малер Г. өз мез­гилинин мыкты дирижёру катары музыкалык театрдын өнүгүшүнө зор салым кошкон.