МАЛАБАЕВ Мурзабек
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МАЛАБАЕВ Мурзабек (12. 11. 1928, азыркы Жалал-Абад обл., Сузак району, Чачкынчы кыш. - 5. 7. 2008, Бишкек) - тарых илимдеринин доктору (1967), проф. (1968). КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1994). 1950-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн. 1951-55-ж. КМУда окутуучу, 1955-57-ж. КМДТИде

кафедра башчысы, 1957-60-ж. Пржевальск педагогикалык институтунун ректору, улук окутуучу, 1960-68-ж. ФПИде улук окутуучу, доцент, 1968- 2008-жылы КМУ кафедранын башчысы болуп иштеген. ЮОдөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 6 монография) автору. Илимий эмгектери негизинен Кыргызстандын ө. ж-нын өнүгүшүн изилдөөгө арналган.
Эмг.: Малабаев М. Компартия Киргизии в борьбе за развитие промышленности (1938 - июнь 1941 гг.). Ф., 1978.