МАЛ ПОРОДАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЛ ПОРОДАСЫ, мал тукуму - мал түрүнүн (уй, кой, жылкы, чочко ж. б.) теги бир, бирок тукумуна берилүүчү экстерьер-

конститу­циялык жана чарбалык пайдалуу белгилери боюнча айырмаланган тобу. М. п. адатта көп малды (бир түрү боюнча) камтыйт, себеби ушундай шарт­та гана порода ичиндеги чыгармачылык менен тандоо жана ылгоо иштери (породаны андан ары өркүн­дөтүү максатында) жүргүзүлүшү мүмкүн. М. п. адамдын узак убакыт бою жүргүзүлгөн тандоо ишинин негизинде чыгарылган. Ал жөнөкөй (жергиликтүү), заводдук жана өтмө М. п-ларына бөлүнөт. Жөнөкөй М.п. экстенсивдүү натуралай чарба шартында «максатсыз» жасалма тандоо менен табигый тандалуунун негизинде калыптан­ган. Бул порода жергиликтүү табигый шартка жакшы көнүккөн, аз өзгөрөт, чыдамдуу келет жана уни­версалдуу продукттуулугу (анча жогору болбо­со да) менен айырмаланат. Азыркы породалардын көпчүлүгү - зоот М. п. Бул породанын негизги структуралык элементи - тукумдук эң мыкты эркек мал линиясы жана эң мыкты тубар мал тукуму. М. п-н өркүндөтүүнүн негизги ыкма­сы - таза тукум мал өстуруу, анын жогорку баскычы - малды линиясы боюнча өстүрүү. Ө т м ө М. п. - жергиликтүү менен зоот М. п-нын ортосундагы порода. Мында асыл тукумдаштыруу иши ушул породалардан тандалып алынган жакшы мал арасында жүргүзүлөт. Көпчүлук М. п-лары 18- 19-к-да чыгарылган. КМШ өлкөлөрүндө ЗООгө жакын, анын ичинде уйдун 52, койдун 90, жылкынын 50, чочконун 31, уй куштарынын 36, коёндун 10, бугунун 5 породасы бар. Кыргызстанда уйдун 2, койдун 3, жылкынын 5, уй куштарынын Юго жакын породалары ийгиликтүү асыралып жатат.

Ад.: Лисицин А. П. Разведение сельскохозяйствен­ных животных. М., 1987.