МАКТОО ЫРЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАКТОО ЫРЛАРЫ — элдик оозеки чыгармачылыкта­гы каада-салт ырларынын бир түрү; конкреттүү бир адамга же топко карата мактоо, алардын жакшы сапаттарын даңазалоо мүнөзүндөгү чы­гармалар. Айрым акындар мындай ырларды өздөрү кызматын аткарган кишилердин марта­басын ашыруу максатында пайдаланышып, анын байлыгын, бийлигин, а түгүл айрым терс жактарын да жакшы сапат катары көкөлөтө ырдашып, өздөрүнүн «эшик ырчылык» парзын аткарышкан. Ал эми элдик акындар карапа­йым адамдардын өнөрүн, баатырдыгын, адам­дык сапаттарын даңазалашкан. М. ы-нда мак­сатына жараша гипербола, салыштыруу көп пай­даланылат жана макталып жаткан адамдын жак­шы жактары биринчи планга коюлат. М. ы. маз­муну социалдык-экономикалык мамилелердин мүнөзүнө ылайык өзгөрүп келген. Мисалы, Октябрь революциясы­на чейин оор турмуштан кыйналган ырчылар кара жандын айынан улам бирөөнү мактап, андан бирдеме өндүрүп алууну көздөгөн учурла­ры болгон. Жаңы коомдун түзүлүшү менен анын

мазмуну өзгөрүп, социалисттик коомдогу, карапаиым, ак пейил адамдардын эмгеги, каармандыгы даңк­тала баштаган. Т. Сатылгановдун «Баймурат», «Даңканай орден алганда», 0. Бөлөбалаевдин «Бейшенаалы баатырга», «Таалайлуу элдин бир кызы» деген ырлары ушундай мазмундагы М. ы-нын мыкты үлгүлөрүнөн.