МАКСЫМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАКСЫМ, жарма, ачкыл, магзым а ш - талкандан жасалган ачымал суусундук; ачытылган жарма. Көбүнчө арпа, буудай, жүгөрү талкандан жасалат. Кайнаган сууга талкан ча­лынып, 15-30 мин кайнатылат. Даамдуу бол­сун үчүн кээде талканы алдын ала майга чала куурулат. Суугандан кийин көрөңгө (ачыткы, катык) куюлуп, бир аз ун чалынат. Демейде жыгач же сыр идишке үстү жабылып, 4-5 ска жакын ачытылат. Кыргызстандык ишкерлер максым

жа­соонун технологиясын өркүндөтүшүп, максымды жасоо өндүрүшүн жолго коюп, максым шоро, жарма шоро, бозо шоро, чалап шоро, шоро жана башка

түрлөрүн жасап, чет өлкөлөргө (Кытай, Казак­стан жана башкалар) экспорттоодо. Максым мүнөз тамак ката­ры да ичилет, к. Жарма.