МАКЛЕР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МАКЛЕР - сатуучу менен сатып алуучунун ортосунда соода мамилелерин кесипкөйлүк менен жүргүзгөн далдалчы. Көбүнчө товарды, баалуу кагаздарды сатууда жана тейлөө, камсыздандыруу кызматтарын көрсөтүүдө, ошондой эле шериктер ортосунда соода келишимдерин түзүүдө өзгөчө роль ойнойт. Биржа М-лери соода секцияларында соода иш-чараларын жүргүзүп, сатуучу менен сатып алуучу жактын брокерлеринин оозеки келишимдерин каттайт. Мындан М. ар бир тараптан келишимдин наркына карата пайда көрөт.