МАКЕНЗИ ТООЛОРУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МАКЕНЗИ ТООЛОРУ, МаккензиКанада- нын түндүк-батышындагы кырка тоолор. Түндүк Америка Кордильерасынын чыгыш тилкесинин бир бөлүгү. Узундугу 700 к.идей. Бийиктиги 2469 лгге чейин. Негизинен чөкмө тоо тектеринен турат. Мөнгүнүн аракетинен пайда болгон рельефтин формалары мүнөздүү. Капталдарын сейрек карагай токою жана тоо тундра ландшафты ээлейт. Шотландиялык саякатчы А. Макензинин урматына аталган.