МАКАРЕНКО Антон Семёнович
МАКАРЕНКО Антон Семёнович [1 (13). 3. 1888, азыркы Украина, Сумы обл., Белополье - 1. 4. 1939, Морква] - педагог, жазуучу. Кременчуг ш-дык окуу жайын жана педагогикалык курсту (1905), Полтава мугалимдер институтун бүткөн (1917). Харьковдогу Ф. Э. Дзержинский атындагы балдар эмгек коло-

ниясына жетекчилик кылган (1920-30). Совет доорунда М. коммунисттик тарбиянын теориясына жана практикасына чоң салым кошкон. Өзүнүн педагогикалык тажрыйбасын жана көз караштарын «Ата-энелер китеби» (1937) деген эмгегинде, түрдүү илимий-публицистикалык макалаларында, мисалы, «Педагогикалык поэма», «Мунарадагы желектер» деген көркөм чыгармаларында баяндап жазган. Мененун методикасында таалим-тарбия мекемесинин жетекчисинин чечүүчү ролу, тарбиячылар аракетинин биримдиги үчүн жоопкерчилиги айкын белгиленген. М. ар бир адамдын калыптанышына көңүл бурууну, коллектив аркылуу жана тикеден-тике педагогдун өзү тарбиялык таасир этүүсүн баса көрсөткөн. 1958-жылы Өзбекстанда М. медалы чыгарылып, аны менен өзгөчө айырмаланган мугалимдер жана эл агартуу кызматкерлери сыйланган. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.