МАК-МАГОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАК-МАГОН, Мари Эдме Патрис М о р и с [13. 7. 1808, Франция, Сюлли (Сона и Луара департаменти) - 17. 10. 1893, Франция, Луаре] - фр. аскер, мамлекеттик жана саясий ишмер, Франциянын 3-президенти (1873-79). Сенатор (1856- 70), Франция маршалы (1859), дивизия генералы (1852). 1873-79-ж. Франция Респ-нын президенти (Луи Адоль Тьерден кийин). 1827-жылы Сен-Сир аскер окуу жайын бүтүп, 1830-жылда­ры Алжирде аскердик карьерасын баштаган. Крым согушунун (1853-56) жүрүшүндө М.-М. жетектеген дивизия Малахов дөбөсүнө чабуул жасап, Севастополь ш-н алган. 1857-жылдан Алжирдеги аскер күчтөрүнүн командачысы. Австрия-Италия-Франция согушунда (1859) Ма­женттин алдындагы салгылашта көрсөткөн эр­диги үчүн герцог титулун жана маршал наамын алган. 1864-70-ж. Алжирдин генерал-

губернато­ру. Франция-Прус-

сия согушунда (1870-71) М.-М. жетектеген армия Седан алдындагы салгылашта тал­каланып, М.-М. туткунга түшкөн. Франкфурт тынч­тыгынан (1871) кийин бошотул­ган, Версаль ар­миясынын коман­дачысы болуп да­йындалып, Па­риж коммунасын (1871) баскан. Мо­нархиялык түзүлүштү калыбына келтирүүгө аракеттенген.