МАЙМАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЙМАК - Талас облусу Кара-Вуура р-нунда­гы кыштак (1950-2012-жылы шаарча). Маймак айыл аймагына караштуу. Асса суусунун боюн­да жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Адыр кыш-нан 45 км түндүк-батыш тарапта. Кыштак катары 1914-жылы негизделген. Калкы 0,9 мин (2009). Т. ж. бекети. Орто мектеп, китепкана, маданият үйү, бала бакча, почта, ФАП бар. «Мак­сат» АК ө. ж. ишканасы, дан жана кант кызыл­часын кабыл алуучу пункт иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. М-ка Жоон-Дөбө т. ж. бекети да карайт.