МАЙДА ПЛАСТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЙДА ПЛАСТИКА, кичи пластика, чакан фор­малардын скульптурасы - көркөм скульптура искусствосунун кеңири тараган өзгөчө популярдуу түрү. Майда пластика адамзат коомунун эң алгачкы баш­талышында пайда болгон. Аны байыркы турак жайларды казууда кездештиришкен. Булар ми­ниатюралык жана жасалгалык сапаттагы быш­кан топурактан, сөөктөн, жыгачтан оюп, таш­тан жасалган буюмдар болгон. Майда пластикага тоголок бедиз чыгармалары менен бирдикте рельефтер: жасалгалык медальондор, эстелик медалдар, глиптика, терракоталык статуетка, Кайра

жа­ралуу доорунун коло фигуралары, япон нецке­си (XVII кылым), фарфор статуэткалар (XVIII кылым), металл куймалар, элдик оюнчуктардын (XIX-XX кылымдар) ке­ңири тармагы кирет. XVIII кылымдан Императордук фарфор заводунун майда пластикасы белгилүү боло башта­ган (Санкт-Петербургдагы М. В. Ломоносов атындагы фарфор заводу), Уралдагы Каслинский заводунун чоюн куймалары, Москва облусунда Богородс­кое кыштагынын жыгачтан оюп жасалган оюнчук­тары, Түндүк элдеринин сөөктөн жасаган буюм­дары белгилүү. Заманбап көркөм сүрөт искусство­сунда кичи формадагы бедизчиликке статуетка же турмуш-тиричилик мазмундагы композиция, столдун үстүндө туруучу портреттик бюст, жа­ныбарлар дүйнөсүнөн сүрөттөлүш, сувенир сыяк­туу эстеликтен аткарылган анча чоң эмес мо­дель жана башкалар кирет. Кыргызстанда «Кыял», «Мурас» элдик көркөм өнөр бирикмелеринде асыл ме­таллдардан, жыгачтан, сөөктөн, булгаарыдан, кийизден, чийден, чоподон жасалган майда пластика бел­гилүү, караңыз: Жасалга-колдонмо көркөм искусство.