МАЗАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МАЗАР - мусулмандар ыйык санап сыйынуучу жер (күмбөз, булак, дарак жана башкалар). Кыргызстанда Сулайман-Тоо, Айып-Булак, Кочкор-Ата, АбшырАта, Арстанбап жана башкалар сыяктуу ыйык деп эсептелген жерлер көп.
Адатта мазарга зыярат кылып, курмандык чалып, Теңирден жакшылык сурашкан. Мазарга сыйынуу жөрөлгөсү азыр да учурайт.
