МАЕВКА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МАЕВКА - Чүй облусу Аламүдүн р-нундагы кыштак. Маевка айыл аймагына караштуу. Деңиз деңг. 714 м бийиктикте жайгашкан. Түн,- батыш тарабы Бишкекке туташып кетет. Райондун борбору Лебединовка кыш-нан 10 км түндүк-батыш тарапта. Пишпек т. ж. бекетинин 8 км. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 7246 (2009); негизинен жашылчачылыкта эмгектенип, мал менен да алектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, клуб, амбулатория, медпункт бар. Тамактануучу жана соода жайлары иштейт.