МАДЫ ШААР КАЛДЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАДЫ ШААР КАЛДЫГЫ - IX-XIII кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Ош шаарынан 15 км чыгыш та­рапта, азыркы Мады кыштагынын аймагында. Аянты 3 га. X кылымдагы араб географтарынын эм­гектеринде Медва деген аталышта эскерилет. Мады шаар калдыгын В. В. Бартпольд да орто кылымдагы Медва шаарына окшоштурат. Мады шаар калдыгынын түштүк- батыш бурчунда чеп (азыркы бийиктиги 12 м) сакталып калган; ичинде турак жай жана чарба курулуштары болуп, айланта дубал менен кур­чалган. Мады шаар калдыгынын алгачкы маданий катма­ры Шоро-Башат маданиятына (биздин заманга чейинки IV-I кылымдар), акыр­кы катмарлары XIII-XVIII кылымдарга таандык. 1941-жылы А. Н. Бернштам, 1956-, 1982-, 1984-жылдары Ю. А. Заднепровский казып изилдеген.