МАГОМАЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАГОМАЕВ Муслим Магометович (17. 8. 1942, Баку - 25. 10. 2008, Москва) - азербайжан со­вет ырчысы (баритон), композитор, СССР эл арт. (1973). Азербайжан консерваториясын бүткөн (1968), Ла Скалада стажировкада болгон. Хель­синкиде Жаштар менен студенттердин бүткүл дүйнөлүк фестивалында «Бухенвальд коңгуроо­су» (В. Мурадели) ырын аткарып белгилүү бол­гон. 1969-жылы Сопоттогу (Полыпа) эстрада ырчы­ларынын эл аралык конкурсунда биринчи сый­лык алган. 1963-жылдан Дзербайжан опера жана балет театрынын солисти, ырдаган партия­лары: Фигаро (Ж. Россини, «Севильялык чач тарач»), Скарпиа (Ж. Пуччини, «Тоска») ж. б. 1975-89-ж. Азербайжан эстрадалык симфониялык ор­кестринин көркөм жетекчиси. Совет өлкөсүндөгү

эн белгилүү ырчы болгон. Композитор катары эстрада оркестри менен фортепьяно үчүн эки фан­тазия (1974, 1978), эстрадалык симфониялык чыгарма­ларды, ырларды жараткан. «Менин сүйуүм - обон» китебинин автору.

Ад.: Надеждин Н. Я. М. Магомаев: «Солнечный голос». М., 2010.