МАГНИТСИЗДЕНҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАГНИТСИЗДЕНҮҮ - тышкы магниттөөчү та­лааны алып таштагандан кийин ферромагнит­түү нерседеги калдыктуу магниттин азайышы. Мененү бир нече жол менен ишке ашырууга болот. Эгерде домендердин магниттелүү векторлору чар жайыт жайгашып, үлгүнүн ар кандай кесили­ши боюнча орт. магниттенүүсү нөлгө барабар бол­со, ал магңитсизденет. Нерсе Кюри температурасы­нан жогору ысытылганда ал магниттик ка­сиетин толук жоготот. Бирок мындай ыкма кол­донулбайт, себеби, ысытуудан материалдын механикалык ж. б. касиеттери өзгөрөт. Мененүн экинчи ык­масында үлгүнү кайра магниттөө үчүн амплиту­дасы акырындык менен нөлгө чейин кичирейүүчү өзгөрмө магнит талаасы колдонулат. Мында М-чү өзгөрмө магнит талаасынын максимум амплитудасы магниттөөчү талааныкынан кичи­не болбошу керек. М. магнитсиздендирүүчү та­лаанын жыштыгына, азаюу ылдамдыгына, үлгүнүн калыңдыгына көз каранды. Материал­дын магнит өткөрүмдүүлүгү жогору болсо Мененүн ылдамдыгы азаят.