МАГНИТОМЕТР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МАГНИТОМЕТР (грекче та£пз11б - магнит жана ...метр) - магнит талаасынын чыңалышын, багытын жана градиентин өлчөөчү аспап. Мында магнит талаасынын чыңалышы эрстедметр, багыты инклинатор же-'деклинатор, градиенти градиентометр менен өлчөнөт. М. шкаласы С Г С бирдиктер системасындагы магнит талаасынын чыңалуу (эрстед, мэ, мкэ, гамма) жана СИ бирдиктер системасындаг ы магнит индукциясынын (тесла, мктл, нтл) бирдиктери боюнча бир нече бөлүктөргө бөлүнөт. Төмөнкүдөй түрлөрдөн турат. Магнит статикалык М. индикатор магнитине аракет кылуучу механикалык моментти өлчөөгө негизделген.