МАГМА КЕНДЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАГМА КЕНДЕРИ - Жер кыртышынын терең бөлүгүндө магма сууп катуулануу жана кристал­дануу мезилинде пайда болгон кенташтар. Ө. ж-га өтө керектүү минералдарга (темир, хром, ванадий, никель, жез, алмаз ж. б.) бай келет. Магма тектеринин ичинде же анын чет жака­ларында жайгашып, ар кандай формада кез­дешет. М. к. төмөнкү жолдор менен пайда болот: 1) магма сууй баштаганда бири-бирине кошул­баган силикаттуу жана кенташтуу эринди келип чыгат. Мындай процесс ликвация, ал эми ан­дан пайда болгон кендер ликвациялык кенташтар деп аталат. Буга курамында ко­бальт, платина бар жез-никелдүү кенташтар кирет; 2) магма толук ката элек кезинде кээ бир минералдар магманын түбүнө чөгүп топтолуп, кристаллдаша баштайт. Мындай жол менен пай­да болгон кендер сегерегациялык же аккумуляциялык кенташтар деп а_талат. Хром, титан, темир, кимберлит түтүкчөлөрү менен бай­ланыштуу болгон алмаз кендери ушундай жол менен келип чыгат; 3) газга каныккан магма акы­рындык менен сууп, кристаллдаша баштаганда

андан бөлүнүп чыккан газдар, суу буулары менен бирге кээ бир баалуу минералдар топтолот. На­тыйжада гистеромагмалык же соңку магмалык кенташтар - хром, титан-магнетит, апатит, ниобий, тантал пайда болот.