МАГЕЛЛАН БУЛУТТАРЫ
МАГЕЛЛАН БУЛУТТАРЫ астрономияд а - туура эмес формадагы анча чоң эмес эки Галактика, биздин Галактиканын жандоочулары. 16-к-да М. б-н биринчи сүрөттөп жазган деңиз саякатчысы Фернан Магелландын ысмынан аталган. Түштүк жарым шарда жайгашкандыктан, КМШ өлкөлөрүнүн аймагынан көрүнбөйт. Куралсыз көз менен караганда эки жаркыраган тумандуулук сыяктуу көрүнөт. Чоң М. б. биздин Галактикадан 50 миң пк (160 миң ж. жылы) аралыкта жана массасы 10 миллиард Кун системасына барабар. Ал эми Кичи М. б. алысыраак жайгашкан, башкача айтканда 56 миң пк (185 миң ж. жылы) жана курамында 1,5 миллиард жылдыз бар. Чоң М. б. Алтын Балык, Кичи М. б. Тукан топ жылдызынан орун алган. Чоң М. б-нда саны жана жашы боюнча ар түрдүү көптөгөн жылдыздар чогулмасы, ошондой эле биздин Галактикада болбогон эски жана жаш жылдыздардын шар сымал чогулмалары бар.