МАГДАЛЕНА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МАГДАЛЕНА - Колумбиядагы дарыя. Узундугу 1612 км, алабынын аянты 260 мин клг2. Борбордук Кордильерадан башталып, Наре ш-на чейин Борбордук жана Чыгыш Кордильера тоо аралык
ойдуңу, андан ары Кариб бою ойдуңу аркылуу агып, Кариб деңизине дельтаны пайда кылып (аянты 2300 км2) куят. Ортонку агымы босоголуу. Башкы куймалары: Каука, Сан-Хорхе. Орт. чыгымы 8-10 миң м?/сек. Барранкилья ш-нан Ла-Дорада ш-на (880 к.иге жакын) чейин үзгүлтүксүз, Онда ш-нан Нейвыга (370 км) чейин суу киргенде чакан кемелер жүрөт. Төмөнкү агымында Картахена порту менен байланыштырган кеме жүрүүчү канал курулган.