МАВЗОЛЕЙ
МАВЗОЛЕЙ, к ү м б ө з - мүрзө үстүнө тургузулган монументтүү курулуш (эстелик). Кария падышасы Мавсолдун (биздин заманга чейинки 4-к-дын орто чени) Галикарнастагы бейитине курулган эстеликтен улам ушундай аталган. Бул эстелик сыяктуу башка дагы антикалык М-лер курулган. Байыркы Римде Адриандын М-и (Сан-Анжела сепили), о. кылымда Сен-Ремидеги үч ярустуу М. Чыгышта мусулмандардын табынуучу жана ажыга баруучу ыйык жайына айланган. Мүрзөлөрдүн үстүнө тургузулган курулуштар көлөмү жана жасалга кооздуктары менен айырмаланган. Бухарадагы Исмаил Саманинин М-и (9-10-к.), Самарканддагы Тимур жана Тимуриддердин, Гурэмир (Эмирдин көрү) (1403-04), Аградагы ТажМахал (Шах Жахан менен анын аялынын күмбөзү,
1630-52), Европада ак сарай-парк ансамблдери чакан формаларда кеңири тараган (Павловскидеги Павел 1нин М-и, 1805-08). 20-к-да дворяндык чарбактар, некрополдор (Эрлангерлердин үйбүлөлүк М-и, Москва, 1914) курулган. Социалисттик архрада М. куруунун композициялык жаңылыктары табылып, ага трибунанын кошо салынышы М-ге олуттуу коомдук маани берген (мисалы, Лениндин Москвадагы, 1924, 1929-30; Г. М. Димитровдун Софиядагы, 1949; Сухе-Батор менен Чойбалсандын Улан-Батордогу 1950; Хо Ши Миндин Ханойдогу, 1975 ж. б.).