МААСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МААСЫ — булгаарыдан ултарылган кончтуу та­касыз бут кийим. Чулгоо оронуп, кепич менен ки­йилет. Кончу калың териден жасалат. Эгерде кончу

жука болсо, ичине чүпүрөк ас­тарланат. Кыз-ке­линдердин маасылары кооздолуп, оймо түшүрүлөт. Маасы оң жана сол бутка ыла­йыкталып, айыр­малуу (эки жак­туу) жана эки бутка бирдей (бир жак­туу) тигилет. Маасы ултарылышына карай намеркен маасы, булгаары маасы, кырым маасы жана башкалар болуп бөлүнөт. Маасы Чыгыш эл­дерине байыртадан кеңири тараган. Маасыны не­гизинен улгайган адамдар кийишет.