МААСТРИХТ КЕЛИШИМИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МААСТРИХТ КЕЛИШИМИ - Европа союзун (ЕС) түзүү жөнүндөгү келишим. 1992-жылы 7-февралда Маастрихт шаарында (Нидерланд) Европа биримдиги мүчөлөрү тарабынан кол коюлуп, 1993-жылы 1-ноябрда күчүнө кирген. Рим келишимин (1957) толуктаган жана өзгөрткөн, Европа интеграция процессинин жогорку деңгээлде ишке ашышын белгилеген. М. к. боюнча Европа союзу Европа биримдигинин негизинде түзүлгөн; эркиндик, саясий коопсуздук жана кызматташтык камсыз кылынып, Европа союзуна мүчө болгон өлкөлөрдүн жарандары үчүн бирдиктүү европалык жарандык киргизүү аныкталган. М. к-нин шарттарына ылайык 1999-жылдын 1-январынан ЕСте
бирдиктүү европалык валюта - евро киргизилген. М. к-не Амстердам (1997), Ницца (2003) жана Лиссабон (2007) келишимдери кошумчаланган.