МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯСЫ (ЬйогшаНоп 1ес1шо1о£у), компьютер технология­с ы - информатиканын бөлүмү; ар кандай маалыматты иштеп чыгууда пайдаланылуучу компьютердик жана телекоммуникациялык тех­нологиялар. Анда башкаруу чечимдерин даяр­доо жана кабыл алууга байланышкан маалымат­ты өндүрүүнүн технол. процесстерин кароо ка­был алынган. М. т. компьютердин түзүлүшү, про­граммалык жабдык, иштетүү системалары, про­граммалоо, берилиштер базасы ж. б. сыяктуу фундаменталдык бөлүктөрдөн турат. М. т. маа­лыматтарды жыйноо, жиберүү, сактоо жана иш­тетүү процесстерин камтыйт. Азыркы учурда М. т. өз алдынча илимий багыт катары калыптануу­да, анын изилдөө багытын маалымат процесс­терин рационалдуу уюштурган жолдор, ал эми предметин болсо, М. т. түзгөн ыкмалар (метод­дор) жана теориялык негиздер түзүүгө тийиш. Компью­терге берилишти киргизүү, аны иштетүү, алын­ган маалыматты чыгаруу жана сактоо атайын жабдуулар (түзүлүштөр) аркылуу аткарылат. Бул жабдууларга берилишти киргизгич жана маа­лыматты чыгаргыч түзүлүш, системалык блок, сактагыч түзүлүш жана байланыш түзүлүштөрү кирет. М. т. компьютерде текст түзүү система­сында берилиш базасын пайдаланууда жана ком­пьютер тармагы аркылуу кабар берүүдө, ал эми телекөрсөткүч станцияларда көрүүчүлөрдү теле­текст менен камсыз кылууда ж. б. пайдаланылат.

Ад.: Сухомлинов В.А. Введение в анализ информа­ционных технологий. М., 2003; Левин В. И. История информационных технологий. М., 2007.