ЛУКСОР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЛУКСОР — Египеттеги музей-шаар. Нил дарыясынын (орто ченинде) оң өйүзүндө, Байыркы Египеттин борбору Фивынын калдыктарынын арасында жайгашкан. Калкы 488 миң (2010). Биздин заманга чейинки XXI-XI кылымдарда Египеттин борбору болгон.
Аэропорту бар. Амон храм комплекси (биздин заманга чейинки XV-XIII кылымдар; колоннадалары, статуялары жана сфинкс аллеялары менен) байыркы Фивынын урандылары менен бирдикте Вүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Луксор - эл аралык туризмдин ири борбору. Кол өнөрчүлүк (өзгөчө белек-бечкектер) өнүккөн. Айыл чарбалуу райондун борбору.
