ЛОФОТЕН АРАЛДАРЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЛОФОТЕН АРАЛДАРЫ - Норвег деңизиндеги архипелаг. Скандинавия ж. а-нын түндүк-батыш жээгине жакын. Норвегиянын аймагы. Аянты 1,2 миң км2. Ири аралдары: Эствогёй, Вествоёй, Флакстадёйа, Москенесёйа ж. б. Рельефи тоолуу, бийиктиги 1161 мте чейин. Жээги аскалуу, фьорддуу, айрым жерлеринде жээк түздүктөрү бар. Нымдуу океандык климат мүнөздүү. Январдын орт. температурасы 0°С чамасында, июлдуку 12°С, жылдык жаан-чачыны 1000 мледен ашуун. Деңиз жээги тоңбойт. Тоолуу тундра, вереск бадалдары басымдуу. Балык (сельдь, треска) кармалат. Порту - Свольвер.