ЛОТОСТОР
ЛОТОСТОР — эки үлүштүү өсүмдүктөр катары (Nelumbonales) жана жалгыз тукуму (Ме1итЬопасеае). Сырткы кебетеси кумара гүлдүүлөргө окшош. Алардан чаңча бүртүгү, гинецейлери ж. б. органдарынын түзүлүштөрү менен айырмаланат. Алардын түпкү теги жалпы болушу мүмкүн деп божомолдонот. Л. тукумунун 1 уруусу 2 түрү (жаңгакчалуу жана сары Лотос) бар. Л-дун жалбырагы ири, калкан сымал, суу үстүндө калкып жүрөт. Гүлү чоң, 2 жыныстуу жалгыз гүлү узун гүл сабагында жайгашкан, желекчелери менен энелиги көп. Мөмөсү конус сымал, бир нече жаңгакчалуу. Ж а ң г а кчалуу лотос
Түштүк-Чыгыш Азия, Түн-Чыгыш Австралия, Европанын түштүгүндө, Ы. Чыгышта кездешет, ал эми Закавказьеде сейрек кездешүүчү реликт түрү бар. Сары лотос Атлантика жээктеринде, Түндүк жана Борбордук Америкада, Гавайи, Ялта

а-нда өсөт. Булар тамак-аш, дары катары колдонулат. Л-до С витамини жана каучук болот. Уругу, тамыры, сабагы - малга тоют.