ЛОНДОН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1830-31)
ЛОНДОН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1830-31) - Австрия, Улуу Британия, Пруссия, Россия жана Франция өкүлдөрү катышкан конференция. Бельгия революциясынан (1830) кийин Бельгия Нидерланд королдугунан бөлүнүп, Бельгия менен Голландиянын кагылышуусу Л. к-нын чакырылышына себеп болгон. Конференция кез-кези менен 1830-жылы октябрдан 1831-жылы ноябрга чейин өткөн. Өзүнө коңшу күчтүү мамлекет - Нидерланд королдугун түзүү жөнүндөгү Вена конгрессинин (1814-15) токтомуна нааразы болгон Франция Л. к-нда Бельгиянын Нидерланд королдугунан бөлүнүп чыгышын жактаган. Вена конгрессинде түзүлүп, Ыйык союз тарабынан корголгон системадан Бельгиянын бөлүнүшү сокку болот деп эсептеген Австрия, Пруссия жана Россия кайрадан анын Нидерланд королдугуна баш ийишин талап кылган. Француз-орус мамилелерин бузуу жана бельгиялык провинцияларда өз таасирин бекемдөөнү көздөгөн Улуу Британия Францияны колдогон. Л. к. кабыл алган келишим боюнча Бельгия өз алдынча деп таанылган.