ЛОМБАРДИЯ ВЕНЕЦИЯ КОРОЛДУГУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЛОМБАРДИЯ ВЕНЕЦИЯ КОРОЛДУГУ - Вена конгрессинин (1814-15) чечими боюнча Австрия империясынын курамына кирген Түндүк Италиянын бир бөлүгү. 1815-жылы Ломбардия жана Венеция обл-тарынан түзүлгөн. Империянын карамагына өткөн соң, вице-король башында турган Австрия администрациясы башкарган. 1859-жылы Австрия - Италия - Франция согушунда Ломбардиядан, 1866-жылы Австрия - Италия согушунан кийин Венециядан ажырап, натыйжада Л.-В. к. кайрадан бирдиктүү Италия королдугунун курамына кирген.