ЛОКАЯТА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЛОКАЯТА — байыркы Индия философиясындагы материализмге тартуучу окуу. Негиздөөчүсү болуп жарым-жартылай легендага айланган акылман Брихаспати эсептелет. Л-нын болмушу жөнүндө окуунун негизинде ааламдын бардык предметтери 4 элементтен: топурактан, оттон, суудан жана абадан (айрым тексттерде аларга бешинчи элемент - эфир кошулат) турары жөнүндө көз караш. Элементтер түбөлүктүү болот жана өзгөрбөс болуп эсептелет. Предметтердин бардык касиеттери алар ар кандай элементтердин айкалышы болуп эсептелгенине жана ушул элементтер айкалышуучу катышка жараша болот. Аңсезим, акыл-ой жана сезүү органдары да элементтердин айкалышынын натыйжасында пайда болгон.