ЛОЗАННА ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ (1923)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛОЗАННА ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ (1923) - 1922-23-ж. Лозанна конференциясын (1922-23)

жыйынтыктаган документ. Ага бир тараптан Улуу Британия, Франция, Италия, Япония, Грекия, Румыния, Болгария, Сербдер, хорват­тар, словендер королдугу жана экинчи тараптан Түркия 1923-жылы 24-июлда кол койгон. Бул ке­лишим боюнча Осмон империясынын кулашы укуктук жактан ырасталып, Түркиянын айма­гы анын азыркы чек аралары менен гана чектел­генетикалык Л. т. к-нин шарты боюнча Түркия Измир жана Чыгыш Фракияны өзүнө кайтарып алып, араб провинциялары жана Эгей (Имброс менен Тенедос а-нан сырткары), Жер ортолук деңизиндеги арал­дардан баш тарткан. Л. т. к-не ылайык Түркия­нын үстүнөн эл аралык финансы контролу жою­луп, Түркия Оттоман (Осмон империясынын тышкы карызы) карыздарынын айрым бөлүгүн төлөөгө макул болгон. Л. т. к. «Кемал револю­циясынын» натыйжасында пайда болгон көз каранды эмес түрк мамлекетин таанып, Севр тынчтык келишимин (1920) жокко чыгарган.