ЛОДЖИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛОДЖИЯ (италиянча loggia - беседка) - имараттын жалпы көлөмүнө кирген, сырткы мейкиндик­тен арка, колоннада же парапет менен тосулган, жабылма балкон же кирүүчү жер катары кыз­мат кылган жай. Галерея тибиндеги бир же бир нече жагынан ачылган имарат да лоджия деп аталат (мисалы, Флоренциядагы ден Ланци лоджиясы, 1376-1380).

Флоренциядагы ден Ланци лоджиясы, 1376-1380.