ЛИХОЛЕТОВ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЛИХОЛЕТОВ Григорий Антонович (1915, азыркы РФ, Оренбург обл., Элек району, Кардайыл айылы -

1985, Ысык-Көл обл., Ысык-Көл району, Григорьевка айылы) - механизатор, Социалисттик Эмг. Баатыры (1970). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1958-жылдан Ысык-Көл облусу Ысык-Көл р-нундагы «Новая жизнь» колхозунун комбайнчысы, 1960- жылдан трактор-талаачылык бригадасынын бригадири болуп иштеген. Ал башкарган бригада мыкты ийгиликтерге жетишкен. Ленин ордени менен сыйланган.