ЛИТУРГИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЛИТУРГИЯ (грекче Λειτο - бүткүл элдик, коомдук, υργία - иш, милдет) - чыгыш христиан чиркөөсүндөгү негизги сыйынуу салты. Литургия ырдоо жана айтуу үчүн арналган сыйынуу сөздөрүнөн турат. Литургия сөздөрү өз кезегинде өзгөрүлүп туруучу (диний майрамдарга жараша) жана туруктуу кайталануучу болуп экиге бөлүнөт. XVIII кылымдын экинчи жарымынан тартып литургия композиторлор тарабынан көп үндүү салтта жазылып, анын чиркөөдө эмес, концерттик эстрадада аткарылуучу үлгүлөрү да жарала баштаган.