ЛИТОСФЕРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИТОСФЕРА (лито... жана сфера) - жер кырты­шы менен кыртыш алдындагы катуу таш каба­тынын бирдиктүү катмары. 20-к-дын 60-жыл­дарына чейин жер кыртышы деген терминдин синоними катары колдонулуп келген. Кийин жердин үстүнкү бетиндеги чөкмө, гранит, ба­зальт кабаттары жер кыртышын түзүп, жер кыр­тышы менен кыртыш алдындагы кабат биригип, Л. деп аталып калган.