ЛИТОРАЛЬ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЛИТОРАЛЬ (фр. littoral - жээк, латынча littoralis же litoralis - жээктик, жээкке жакын) - ташкындоо учурунда суу жайпап, кайра тартылганда кургактыкка айланган деңиз түбүнүн экол. зонасы. Термин 1853-жылы англис окумуштуулары Э. Форбс жана С. Хэнли тарабынан киргизилгенетикалык Л. суунун эң төмөнкү тартылуусу менен эң бийик ташкынынын аралыгынан орун алат. Л-дын үстүндө супралитораль, астында сублитораль жайгашат. Жазылыгы бир нече л«ден көптөгөн клгге чейин жетет. Суткасына эки жолу суу каптайт. Л. флорасы негизинен жашыл, кызыл, күрөң жана көгүш жашыл балырлардан турат. Л. фаунасы (былпылдак, сөөлжан, моллюска, айрым балык түрлөрү ж. б.) мезгил-мезгили менен абада (кургактыкта) жашоого ылайыкташканы менен айырмаланат.