ЛИРА (астрономия)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИРА (латынча lyra) - Түндүк жарым шардагы топ жылдыз. КМШнын аймагынан жазында, жа­йында жана күзүндө жакшы көрүнөт. Жайкы жана күзгү кечте асмандын Түндүк жарым шарында үч бурчтук түрүндө жайгашкан үч жарык жыл­дыз бөлүнүп турат. Алар: Лиранын Вегасы, Ак Куунун Денеби, Бүркүттүн Альтаири. Л. байыр­кы грек мифи Орфей менен тыгыз байланышкан.