ЛИПА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИПА, жөкө дарак (ТШа) - өсүмдүктөрдүн липалар тукумундагы жалбырагы күбүлмө да­рактар уруусу. Бийикт. 15-25 м, айрымдары 40 жге жетет. Сөңгөгүнүн жоондугу 2-5 лгдей. Жалбырагы көбүнчө тишчелүү, сабакта кезекте­шип жайгашат. Гүлү агыш же саргыч, жыттуу. Топ гүлү - калканча же чачы сымал. Мөмөсү - жаңгакча. Л. демейде 150, айрым түрлөрү 500дөн ашык жылга чейин өсөт. Уругунан жана чыр­пыгынан көбөйөт. Л-нын дүйнөдө 50дөй, КМШ өлкөлөрүндө 17 түрү бар. Кеңири таралган түр­лөрү - жүрөк сымал Л., европа Л-сы, амур Л-сы. Кыргызстанда атайын өстүрүлөт. Л. кооз бол­гондуктан, жашылдандырууда колдонулат, бал­дуу өсүмдүк. Гүлү («липа гүлү») дары каража­ты катары, чайга, шарапка жыт берүү үчүн пай­даланылат. Жыгачы буюм жасоодо да пайда­ланылат.