ЛИНДГРЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИНДГРЕН (Ыпс1£геп) Астрид Анна Эмилия (14. 11. 1907, Смоланд, Виммербю - 28. 1. 2002, Сток­гольм; сөөгү Виммербюга коюлган) - швеция­лык балдар жазуучусу. 1947-70-ж. «Рабен жана

Шёгрен» басмасында балдар бөлүмүн жетектеген. Анын «Пеппи - Узун Байпак» (1945-52), «Бала менен Карлсон жөнүндө» (1955- 68), «Селсаяк Расмус» (1956) аттуу повесттери балдарга арналган. Л. - «Бюллербю жөнүндө китеп» (1952), «Бу­зотёрлор көчөсүндөгү бал­дар» (1958), «Мадикен» (1960) аңгеме-повесттери­нин, ошондой эле «Рони каракчынын кызы» (1981) ро­манынын автору. «Пеппи - Узун Байпак», «Сел­саяк Расмус», «Менин Миом» ж. б. чыгармала­ры

экрандаштырылган. 1996-ж. Стокгольмдун борборунда эстелиги орнотулган жана өлгөндөн кийин Швеция өкмөтү тарабынан анын атындагы адабий сыйлык уюштурулган.

Ац.: Стремстедт М.Великая сказочница: Жизнь А. Линдгрен. М., 2002.