ЛИКВАЦИЯ (геология)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИКВАЦИЯ (латынча liquatio - эзилип эрүү, сую­луу) геологияда - бир өңчөй курамдагы магманын температурасы төмөндөгөндө бири-бири­не кошулбаган, эки түрдүү суюктукка ажырап кетүү процесси. Алардын кристаллдашуусунан курамдары ар башка тоо тектер же кенташтар келип чыгат. Силикаттык эриндилерде (айрык­ча фтор, суу, бор сыяктуу жеңил бөлүнүп кетүүчү компоненттери бар болсо) Л. процесстери пайда болорун кээ бир геологдор эксперимент түрүндө аныкташкан.