ЛИГАТУРА
ЛИГАТУРА (латынча Н§а1ига - байланыш) - 1) жазуу системаларында же фонетикалык транскрипцияларда эки графеманын же транскрипциялык белгилердин элементтеринин кошулушунан пайда болгон белги, мисалы, дан, исланд, норвег тилдеринде гё, немис тилинде-Ъ. Л. бат жазууда (стенограммада) жана тексттерди кооздоп, оймочиймелеп жазууда колдонулат; 2) п о л и г р аф и я д а - эки же аидан көп тамгалардын бириктирилип жазылышы, мисалы, поляк тилинде, 82, сг, немис тилинде зсй ж. б. Мындай Л. бир гана тыбышты билдирет; 3)басмаканалык терүүдө - тамгалардын айкашын, муунду же сөздү туюндуруучу бир гана жазуу белгиси, мисалы, англ. & (апс!) «жана»; 4) м е т а л л у рг и я д а - металлга белгилүү бир касиетти берүү үчүн легирлөөчү элементтердин суюк металлга кошула турган жардамчы куймасы. Керектүү касиетке (мисалы, катуу) келтирүү үчүн асыл металлдарга кошула турган металл да Л. деп аталатынча Л. катары жез, сымап колдонулат.