ЛИБРЕТТО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИБРЕТТО (италиянча libretto, сөзмө-сөз - китеп­че) -1) көркөм адабиятта сахна үчүн жазылган опералык чыгармалардын көркөм тексти. Либретто адатта ыр түрүндө жазылат. Кыргыз­дын «Алтын кыз» (Ж. Бөкөнбаев), «Ажал орду­на» (Ж. Турусбеков), «Токтогул» (Ж. Бөкөнбаев, К. Маликов), «Айчүрөк» (Ж. Бөкөнбаев, К. Ма­ликов, Ж. Турусбеков) операларынын либреттосун кесипкөй акындар жазышкан; 2) м у з ы к а ­д а музыкалык-драманын (опера, оперетта, кантата, оратория, кыска балет баяндамасы либретто деп атал­ган) диалогдуу көркөм тексти; 3) балеттин ада­бий сценарийи; 4) операнын, опереттанын, ба­леттин, драманын, кинонун кыскача сюжетин баяндаган өзүнчө китепче, баракча, театрдык программа. XVII кылымдын акырынан операнын либреттосу көрүүчүлөргө китепче катары чыгарылып тур­ган. XVIII кылымдын ортосуна чейин либреттонун компо­зициясы типтүү схема боюнча жазылса, XIX кылымдан адабий-драматургияга шыгы бар, көрүнүктүү композиторлор операларына өздөрү либретто жаза башташкан (Г. Берлиоз, М. П. Мусоргский, С. С. Прокофьев жана башкалар) Кээде балеттик (мисалы, «Чолпон» балети) чыгармалардын тексттерин далибретто деп аташат.