ЛЕССИРОВКА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЛЕССИРОВКА (немисче Базхегеп) - живописте колоритти күчөтүү максатында майдын кургаган катмарынын үстүнө тунук же күңүртүрөөк боёкторду жука сүртүү ыкмасы; оптикалык орун которуу законуна ылайык живопистин деталына түстүк оңдоолорду кылдат киргизүү менен түстүн шайкештигине жана өзгөчө жеңилдигине жетишүү. Реалисттик живопись үчүн Л-нын мааниси чоң жана 19-к-дын аягына чейин өткөн замандын бардык көрүнүктүү сүрөтчүлөрүнүн (орус жана чет элдик) эң маанилүү техникалык каражаты болгон. Техниканын ушул түрүнүн жардамы менен реалисттик живописте кээ бир кубулуштар сүрөттөлөт (мисалы, И. К. Айвазовскийдин картинасында күн желесинин көрүнүшү).