ЛЕОН (Мексика)
ЛЕОН Л е о н-д е-л о с-А л д а м а - Мексиканын борборунда жайгашкан шаар, Гуанахуато штатында. Мексика тайпак тоосунун түштүгүндө, дениз деңгээлинен 1885 м бийиктикте, Турбио
дарыясынын боюнан орун алган. Калкы 1,2 миллион (2010; шаар айланасы менен 1,7 миллион). Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн булгаары-бут кийим өнөр жайынын [негизги ишканасы «Calzado Pinto» (балдардын жана жаштардын бут кийимдери), «Calzado Yeltat S. A. de C. V.» (аялдар менен эркектердики) жана башка компаниялар] башкы борбору. Тери ашатчу жана иштетүүчү ишканалары өнүккөн. Тамак-аш-татымал (пиво кайнатылат, суусундуктар), текстиль, металл иштетүү, химиялык, целлюлоза-кагаз, эмерек, айнек өнөр жай ишканалары иштейт. Техникалык май өндүрүлөт. Кафедралуу базилика собору (XIX кылым), чиркөөлөр, саат мунарасы (XIX кылымдын 2-жарымы), муниципалитет (1867-1869), Кальсада-де-лос-Эрос капкасы, (1893) жана башкалар сакталган. Университеттер, институттар, эл аралык туризм мектеби, бир нече илимий борбор, музейлер, китепканалар бар. Жыл сайын көргөзмө-ярмаркалар, «Ралли Мексика» автомобиль жарышы өткөрүлүп турат. Зоопарк уюштурулган. Туризм өнүккөн. Испандар тарабынан 1576-жылы негизделген.
