ЛЕМУРЛАР
ЛЕМУРЛАР (БешипДае) - приматтар түркүмүндөгү чала маймылдар тукуму. Дене уз. 13-25 см- ден (кидик Л.) 50 смте (кыска Л.) жетет. Арткы буттары алдынкысынан узунураак, тырмактуу. Жүнү калың, кара, күрөң, боз же саргыч, куйругу бир түстө, кээде туурасынан кеткен ачык жана кочкул жүндөрү болот. Тумшугу узун, тиши 36, кээде 32, 4-5тен муруту, 1-2 жуп сүт бездери (желини) бар, көзү чоң. Түнкүсүн жана күүгүмдө, кээде күндүз азыгын издейт. Кургакчыл жылдары 2 түрү чээнге кирет. Тропик токойлорунда жашайт. Дарак бута-

гында, жерде тобу же үйүрү менен, жалгыздан жана жубу менен жүрүшөт. Жыгач бактарына жалбырактан, чөптөн уя жасайт. 1—3 тү (кээде 4) тууйт. Тукумуна эркеги да, ургаачысы да кам көрөт. Ылгабай азыктанат, курткумурска, майда жаныбарларды, өсүмдүк мөмөсү менен уругун жейт. Л-дын 6 урууга кирген 14 түрү бар.
Саны азайып кеткендиктен, ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.