ЛЕЛЕВКИН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЛЕЛЕВКИН Валерий Михайлович [28. 9. 1944-ж. т., Башкыр АССРи (азыркы Башкыртстан), Бирск ш.] - физик, физика-математика илимд. доктору (1989), проф. (1992), Эл аралык информациялаштыруу академиясынын академиги (1996), Билим берүүнүн эмг. син. кызматкери (2000). КМУну бүтүргөн (1968). ФПИде окутуучу (1968-75), КМУда (азыр КУУ) улук окутуучу, доцент, профессор (1975-93). 1993-жылдан КРСУда кафедра башчысы, ил. иштер б-ча проректор. Теор. физика, плазма физикасы, жылуулук физикасы б-ча адис. 250дөн ашуун ил. эмгектин, а. и. 12 монография, 2 окуу колдонмосунун автору.
Эмг.: Моделирование и технология получение керамики на основе кремңия. Б., 2008; Моделирование микроволнового нагрева воды. Б., 2009.