ЛЕЙБОРИСТТЕР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЛЕЙБОРИСТТЕР (англ. 1аЬоиг1з1з - эмгек) - Улуу Британиядагы жетектөөчү эки партиянын бири. Улуу Британия жумушчу партиясынын мүчөлөрү Конституция б-ча парламентте көпчүлүк добушка ээ болушса, өз ичинен премьерминистр шайлап, ички-тышкы саясатты жүргүзүүгө акылуу. 1900-ж. Жумушчу өкүлдөрүнүн к-ти деген аталышта негизделген (1906-жылдан ушундай аталат). 2-дүйнөлүк согуштан кийин 1945-51-, 1964-70-, 1974-79-, 1997-2007-ж. бийлик жүргүзүшкөн.