ЛАЦИС
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЛАЦИС Вилис Тенисович [29. 4(12.5). 1904, азыркы Рига ш-нын чегиндеги Ринужи кыш. -6.2. 1966, Рига] - латыш жазуучусу, мамл. ишмер, Латыш ССР Эл жазуучусу (1947). Чыгармалары 1921-жылдан жарыялана баштаган. Туңгуч чыгармалары: «Канатсызкуштар» үчилтиги (1931- 33), «Балыкчынын уулу» (1-2-т., 1933-34), «Жер жана деңиз» (1938) романдары. Кийин латыш элинин социализмге келүү жолун кылдат баяндаган «Бороон» (1945-48; СССР мамл. сыйл., 1949) ж-а «Жаңыжээкке» (1950-51; СССР мамл. сыйл., 1952) романдарын жараткан. Жети Ленин,.1-даражадагы Ата Мекендик Согуш ордендери м-н сыйланган.