ЛАФФЕР СЫЗЫГЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЛАФФЕР СЫЗЫГЫ - кирешеге салык ставкасы м-н салык төлөмдөрүнүн өз ара катнашын чагылдырган сызык. Л. с. салыктын өлкөнүн кирешесин максимумуна жеткирген оптималдуу деңгээлин сүрөттөйт. Бул деңгээлден жогору салык алуу өлкөнүн кирешесин азайтат. Анткени Л. с-нан жогорку салыктар өндүрүүчүлөргө продукция өндүрүүнү пайдасыз кылып, өндүрүштү токтоттурат. Мындан салык базасы ж-а суммасы аргасыз кескин түшөт.